Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 22:20
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Баткенде Тажикстандын кол салуусунан курман болгон жоокерлердин аллеясы пайда болот

07.10.2022 08:22
989
Баткенде Тажикстандын кол салуусунан курман болгон жоокерлердин аллеясы пайда болот

Баткенде чек арадагы атышууда курман болгон жоокерлердин аллеясы пайда болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Бакыт Төрөбаев билдирди.


Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда окко учкан кыргыз баатырлары унутулбайт.


“Президенттин жарлыгынын негизинде мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Бир иретке келгенден кийин баатырларга наам, сыйлык каралат. План боюнча, курман болгон жоокерлердин аллеясы пайда болот. Балким таштан жасап, сүрөттөн коюп, убакыт өтсө эскерүү күндөр да өтүп турат”, - дейт ал.


Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.


140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.


Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 62 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн