Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 15:30
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Баткенде Зардалы айылына ГЭС курулат

10.04.2021 06:28
674
Баткенде Зардалы айылына ГЭС курулат

Баткен шаарынан 100 чакырым алыс жашаган зардалылыктар азыр күн батареясы менен чырак жагышат. Бул жерде кышында 30-40, ал эми жайында 100-150 түтүн эл жашайт. Бул тууралуу Баткен Деми баракчасы билдирди.


Инфраструктура жоктугунан жаштар чоң шаарларга кетип калышкан. Кооптуулугу менен белгилүү болгон Зардалынын жалгыз аяк жолунан азык-түлүк жана керектүү буюмдарды ташып келүү – чоң көйгөй. Аймакка бара турган автожол жылына 3 ай эле ачылат. Ал да кооптуу.


Карабак айыл өкмөтүнүн башчысы жана жергиликтүү кеңештин депутаты Акылбек Дилишатов баштаган топ бул маселелерди чечүүнүн аракетинде. 10 жыл мурда тиешелүү кызматтарга кайрылып, электр энергиясын тартуу боюнча иштер жүргүзүлгөн.


Жыйынтыгында, Зардалынын Көл-Башы суусунун агымына ылайык ГЭС куруу чечими кабыл алынган. Аны курууну кыргыз инвесторлору колго алышты. Электр станциясынын кубаттуулугу 29 МВт түзөт.

Бул Баткен районуна жете турган электр энергиясы. Долбоорду ишке ашыра турган ишкана буга чейин Ош шаарынын Озгур айылында кичи ГЭС куруп, аймакты сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо маселесин чечишкен. Жергиликтүүлөрдүн айтымында эгерде Зардалыга ГЭС курула турган болсо, анда инфраструктура дагы жакшырат. Ошондой эле алар анын алкагында айылды байланыштырып турган жалгыз аяк жол оңдолорун да белгилеп айтышты.


Буга чейин мындай долбоорлорду ишке ашырып жүргөн Назарбек Муратов Зардалынын жолу аска-таштуу болгондуктан, оңой болбой тургандыгын айтат. Жардыруу иштери күздө башталат дейт ал.

Андан сырткары, аймактагы байланыш маселеси да чечилет. WI FI жеткирүү буга чейин да каралып, жабдыктары толук бойдон сатылып алынган.


Болгону Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик ишканасынын уруксатын күтүп турушат. ГЭС курулса, жумуш орундары да пайда болуп, айылдын жаштарынын кичи мекенине кайтып келишине шарт түзүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн