Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 15:15
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Баткенде акча уурдап, качып жүргөн жарандар кармалды

27.04.2023 10:38
567
Баткенде акча уурдап, качып жүргөн жарандар кармалды

Баткен районунда уруулук кылып, изин жашырып жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, 2023-жылдын 6-апрелинде арыз менен Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын тургуну 25 жаштагы К.У. арыз менен кайрылган. Анда, 2023-жылдын 10-февраль күнү түндө спирт ичимдиктерди, унаага керектелүүчү майларды жана акча каражатын жашыруун түрдө уурдап, изин жашырып кетишкенин билдирген. Натыйжада арызднуучуга 25 620 (жыйырма беш мин алты жуз жыйырма)сом материалдык зыян келтирген. Бул окуя боюнча Баткен РИИБдин КБРне катталып, тергөө амалдары башталган. Баткен РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Баткен шаарынын тургуну мурда соттолгон Н.А. жана Баткен шаарынын тургуну 21 жаштагы К.у. Т кармалды.


Шектүүлөр тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, тиешелүү амалдар жүргүзүлүүдө.   


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн