2022-жылдын 21-октябрында Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Баткен облусу боюнча УКМКнын аскер кызматкерлерине капиталдык оңдоодон өткөн 16 кызматтык батирлердин ачкычын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын УКМКнын Төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиев, Баткен областтык УКМКнын башкы башкармалыгы жана өздүк курамы катышты.
Батирдин ачкычтарын тапшыруу учурунда УКМКнын Төрагасы генераль-лейтенант К.К.Ташиев мамлекет тарабынан алыскы тармактарда кызмат өтөгөн аскерлердин жашоо-тиричилик шарттары мындан ары да жакшыртылышы уланаарын баса белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн