Бугу 10, 2024
Убакыт: 14:57
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Баткенде аткезчилер менен облус башчысы жолугушту (видео)

07.10.2021 12:30
687
Баткенде аткезчилер менен облус башчысы жолугушту (видео)

Бүгүн, 7-октябрда Баткен районунун Ак-Татыр айылында облус башчысы Абдыкарим Алимбаев, укук коргоо органдары, элдик кошуун жана жергиликтүү тургундардын жолугушуусу өтүп жатат. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасына билдирди.


Маалым болгондой, анда Тажикстандан аткезчилик жүк ташыгандар боюнча маселе көтөрүлүп жатат. Эл тарабынан укук коргоо органдарына аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча ишенбөөчүлүктөр айтылды. Топтолгон элдин алдына жакында аткезчилик жол менен жүк ташып келе жатканда кармалган чоң унааларды алып келип жатышат.


Кармалган унаалардын айдоочулары 25 миң сом акыга жүктөрдү Бишкекке чейин жеткиришмек болгонун айтышууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн