Чын курандын 14, 2025
Убакыт: 02:46
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Баткенде аткезчилик менен алектенген эки жаран колго түштү

29.11.2022 08:34
745
Баткенде аткезчилик менен алектенген эки жаран колго түштү

Баткенде аткезчилик менен алектенген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, Баткен районунун аймагынын тургуну 23 жаштагы С. Н. М. жана Араван районунун Төө-Моюн айылынын тургуну 51 жаштагы М.Г. Т. улуттар аралык кылмыштуу топ түзүп, Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан аймактары аркылуу аткезчилик жолу менен 15 миң 40 даана, жалпы суммасы 6 млн 16 миң сомдук «Левонекст» левофлоксацин аталышындагы дарыларды чек арадан мыйзамсыз өткөрүшкөн.


Алар Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек аралары эки тараптуу жабык экендигине карабастан, Баткен районунун Чоң-Талаа айылынан Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына жеткизип, андан ары Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагынан Өзбекстандын аймагына өткөрүп жүргөн жеринен кармалышкан.


Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүмүндө (контрабанда) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн