Бугу 14, 2024
Убакыт: 06:21
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Баткенде аткезчилик менен ташылып бара жаткан жүк кармалды

09.10.2021 15:12
1071
Баткенде аткезчилик менен ташылып бара жаткан жүк кармалды

Баткен облусунда милиция кызматкерлери тарабынан аткезчилик менен ташылып бара жаткан жүктөр кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылдын 8-октябрь күнү Баткен ОИИБнын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Баткен шаарынын аймагында коңшулаш Таджик республикасынан аткезчилик жол менен ташылып кирген кургатылган мөмө жемиш, күрүч ташып бара жаткан оор жүк ташуучу автоунаалар кармалган. 


Бул материал Баткен ОИИБнын КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 223-беренеси (экономикалык контрабанда) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.


     Ошондой эле ушул эле жылдын 8-октябрь күнү Лейлек районунун Булак-Башы айылынан Бешкент айыл аймагына кеткен айланма жолдон Кулуңду айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Мерседес-Бенц спринтер үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшерген учурда, эч кандай документи жок 330 (үч жүз отуз) кутучага лимон жүктөп бара жаткандыгы белгилүү болду. 


     Бул факты Лейлек РИИБне катталып, чогултулган материал бажы кызматына өткөрүлүп берилди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн