Бугу 05, 2024
Убакыт: 01:09
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Баткенде бала бакчада иштебеген адамдарга айлык төлөнүп келген

13.04.2023 10:37
587
Баткенде бала бакчада иштебеген адамдарга айлык төлөнүп келген

Балдар мекемесинде иштебеген адамдарга айлык акы төлөнүп турган фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.


 Маалыматка ылайык,  УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айылындагы «Кулунчак» мектепке чейинки балдар мекемесинде бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды.


  Бул аталган мекемеде иш жүзүндө иштебеген адамдарга эмгек акы чегерилип төлөнүп келген. Андан кийин мыйзамсыз топтолгон каражаттар мекеменин жетекчилиги тарабынан өздөштүрүлгөн.


  Жогорудагы фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

  Ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн