Бирдин айы 17, 2025
Убакыт: 00:56
USD
87.30
87.80
EUR
91.30
92.30
RUB
0.940
0.990

Баткенде бала бакчанын жер тилкеси ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

14.01.2025 10:47
528
Баткенде бала бакчанын жер тилкеси ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды


Лейлек районунун Сумбула (мурда - Андарак) айылындагы баасы 3 млн 750 миң сомдук балдар бакчасынын жер тилкеси ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат Сумбула айылында 2005-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип, турак үй курулуп калган бала бакчанын жер тилкесин мамлекетке кайтарып берди.

Тиешелүү иштердин жыйынтыгы боюнча аянты 0,30 га, базар баасы 3 млн 750 миң сом болгон жер тилкеси ыктыядуу түрдө Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди. Аталган жерде 2025-жылы бала бакчанын жаңы имаратын куруу пландалууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн