Кыргы-тажик чек арасындагы чырдан жабыркагандардын арасында бир медициналык кызматкер бар. Бул тууралуу аламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова брифингде билдирди.
Маалым болгондой, ал - Баткен Үй-бүлөлүк медициналык борборунун фельдшери Бурканалы уулу Ашыралы. Ал 29-апрелде башынан жааркат алып, учурда амбулатордук негизде дарыланып жатат жана абалы туруктуу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн