Бугу 06, 2024
Убакыт: 08:35
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Баткенде чек ара аймактарында жашаган тургундар медициналык кароодон өттү

05.02.2022 11:19
841
Баткенде чек ара аймактарында жашаган тургундар медициналык кароодон өттү

Баткенде чек ара аймактарындагы айылдардын жашоочулары медициналык кароодон өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.


Маалыматка ылайык, КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин атайын буйругунун негизинде Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна караштуу мобилдик клиникасынын дарыгерлери Баткен районунун Таш-Тумшук, Орто-Боз, Көк-Таш айылдарында калкты медициналык кароодон өткөрүштү.


"Жалпысынан аталган айылдын 300гө жакын жашоочусу медициналык кароодон өткөрүлдү. Алар Гепатит В жана С, ВИЧ жана ИППП боюнча экспресс тесттен өткөрүлүп, медицина кызматкерлеринен кеп-кеңеш алышты", - деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, облус башчысы Абдикарим Алимбаев 2022-жылдын 31-январында Баткен районунун Ак-Татыр, Аксай, Самаркандек айыл аймактарынын эли менен жолугушуп, анда чек ара аймактарынын жашоочулары өздөрүнүн социалды-экономикалык көйгөйлөрү менен кайрылышкан. Ошондой эле жергиликтүү жашоочулар үчүн атайын медицина кызматкерлер барып, медициналык кароодон өткөрүү жагы каралган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн