Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Баткенде чек ара кызматынын аскери октон алган жаракатынан каза болду

22.02.2023 08:12
563
Баткенде чек ара кызматынын аскери октон алган жаракатынан каза болду

Баткендеги чек ара отрядында аскер кызматкери кокусунан атылган октон каза тапты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, чек ара постундагы нөөмөт учурунда Чек ара кызматынын 26 жаштагы З.Ж. аттуу аскери АК-74 автоматынан кокусунан ок чыгарган. Ок 21 жаштагы У.Б. аттуу аскер кызматкеринин мойнуна тийген.

Медициналык жардам көрсөтүлүп, Баткен облустук бириккен ооруканасына өз убагында жеткирилип, өмүрүн сактоого көрүлгөн бардык аракеттерге карабастан жоокер алган жараатынан улам каза болуп калган.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилди. Окуя болгон жерге Аскер прокуратурасынын Баткен гарнизонунун өкүлдөрү жөнөп кетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн