2021-жылдын 26-июнда Баткен облусунун Зардалы айылында жайгашкан УКМКнын Чек ара кызматынын "Коргон" заставасынын 29 жаштагы Ш.у.Р. аттуу аскер кызматкери АКС-74 үлгүсүндөгү куралы менен Ак-Терек дарыясына кулап кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, жанындагы аскер кызматкерлери аны куткарып калган, бирок куралы агып кеткен.
Жерине куралды издөө үчүн 3 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду.
1-июль күнү издөө иштери улантылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн