Кулжа 16, 2025
Убакыт: 14:18
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Баткенде чек арада жашаган балдар Ысык-Көлгө эс алуу үчүн жөнөтүлдү

27.05.2021 11:12
1655
Баткенде чек арада жашаган балдар Ысык-Көлгө эс алуу үчүн жөнөтүлдү

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова 28-30-апрелде тажиктердин куралдуу баскынчылыгынан жабыркаган Баткен облусунун тургундарынын балдары үчүн Ысык-Көлгө эс алуу уюштурат. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Облустун чек арадагы аймактарынан барган 140 бала, 6 мугалим 10 күн Ысык-Көл облусунда болушат. Андан соң алар Кадамжай районундагы «Семетей» лицейинде да 15 күн эс алышат.


Балдар бүгүн, 27-майда Ош аэропорту аркылуу Тамчы аэропортуна учушмакчы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн