Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 20:28
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Баткенде чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн жаран кармалды

22.05.2023 09:30
638
Баткенде чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн жаран кармалды

Баткенде чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

 

  Маалым болгондой,  Баткен ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Баткен облусунун 50 жаштагы тургуну Д. Ш. аныктап кармаган.

Анткени бул жаран Кыргыз Республикасынын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, чет өлкөгө бир нече жолу мыйзамсыз кирип-чыккандыгы аныкталган.     



Азыркы күндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн