Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 23:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Баткенде чек араны мыйзамсыз кесип өтүп жүргөн жаран кармалды

11.05.2023 15:29
259
Баткенде чек араны мыйзамсыз кесип өтүп жүргөн жаран кармалды

Баткенде Чүй облусунун тургуну кайтарууда турган чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп келип жүргөн жеринен кармалды. 

 

      Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей,    экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Чүй облусунун 19 жаштагы тургуну К.Р. аныкталып кармалган. Анткени бул жаран Кыргыз Республикасынын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, чет өлкөгө мыйзамсыз кирип-чыккандыгы аныкталган.     


  Азыркы күндө Кыргыз Республикасынын КЖКнин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, топтолгон материал соттук кароого өткөрүлдү. 


.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн