Баткен облусунда дарыгерлер үймө-үй кыдырып, оорулууларга жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-июлдан тарта Баткен облусунун бардык район шаарларында, дарыгерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үймө-үй кыдыруу жумуштарын баштады.
“Мобилдүү топтор, жер жерлерде элдин саламаттыгын текшерип, медициналык кеңеш
берип, жардам көрсөтүшөт. Зарыл болсо ооруканада дарыланууга жиберет, түшүндүрүү иштерин
жүргүзүшөт. Бул аракет кооптуу илдеттин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу
максатында жасалууда”, - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн