Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде дүкөндөрдүн эшиктерин бузуп, акча уурдагандар кармалды

Баткенде дүкөндөрдүн эшиктерин бузуп, акча уурдагандар кармалды

Баткен шаарында уурулук кылып жүргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу  Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


       2022-жылдын 30-сентябрь күнү Баткен шаарынын Сайдиман Ажы жана М.Салихов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндөн белгисиз адамдар тарабынан 2 велосипед уурдалганын билдирип, дүкөн ээси арыз менен кайрылган. Ошондой эле ушул эле түнү Баткен шаарынын Нургазыев көчөсүндө жайгашкан “Асылбек” соода борборундагы 5 дүкөндүн эшиктерин бузуп кирип ичиндеги акчаларды уурдап, жалпысынан 80 миңден ашуун чыгым келтирген. Бул фактылар Баткен ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 


      “Транзит” аталышындагы иш-чаранын жүрүшүндө 4-октябрдан 5-октябрга өткөн түнү Баткен шаарындагы борбордук базарындагы дүкөндөрдөн буюм уурдап жаткан жеринен Баткен ШИИБнин кылмыш иликтөө тобунун ыкчам кызматкерлери менен милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен биргеликте Лейлек районунун Өзгөрүш айылынын жана Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын тургуну аныкталып, далил буюмдары менен кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилди.


        Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн