Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 14:28
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.970

Баткенде экстремисттик маанайдагы материалдарды тараткан жаран кармалды

16.05.2023 16:04
468
Баткенде экстремисттик маанайдагы материалдарды тараткан жаран кармалды

Кадамжайда социалдык тармак аркылуу диний экстремисттик материалдарды тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, Кадамжай РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн «Экстремист» операциясынын жүрүшүндө жаран «О» Кыргыз Республикасында тыюу салынган диний экстремисттик аудио материалдарды социалдык тармак аркылуу таратып жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн. Аталган факты Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.


Бул факты боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Кадамжай районунун 23 жаштагы А.Б. аттуу жаран социалдык тармагындагы баракчасына кароо жүргүзүлүп, баракчасындагы аудио материалдар көчүрүлүп алынып, экспертизага жөнөтүлгөн.


2023-жылдын 11-майында соттук-дин таануу экспертизасынын корутундусу чыгып, изилдөөгө берилген аудио материалдар Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Өзбекстан исламий кыймылы” экстремисттик жана террористик уюмуна таандык экендиги аныкталган.


Жогорудагылардын негизинде кармалган жаранга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүмү “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жаран Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 


Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн