Баткенде эл митингге чыкты. Алар менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу укуктуу өкүлү жолугушуп маселесин угууда. Бул тууралуу Мирлан Садыкжан уулу Фейсбук баракчасы аркылуу жыйынды түз эфирде чагылдырды.
"Кыргызстанда 2-адам каналды алдырып койдук деп айтып жатат. Чоңдор айткан ар бир сөзү үчүн жооп бериш керек. Тажиктер эртең премьер-министриңер айтты деп алып койсо не кылабыз. Бул канал жүз миң адамдын жашоосун камсыз кылат. Сиз айтыңыз Марипов айтканына жооп берсин", - деди митингге топтолгондор.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн