Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Баткенде энергетиктердин эки күндүк республикалык семинары жыйынтыкталды

12.04.2022 15:44
619
Баткенде энергетиктердин эки күндүк республикалык семинары жыйынтыкталды



Бүгүн, 12-апрелде Баткен шаарында өтүп жаткан “Тажрыйба алмашуу жана энергетикалык компаниялардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу” боюнча семинар аяктады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.


Эки күнгө созулган семинарда кызматкерлердин билим деңгээли текшерилип, берилген тапшырмаларды аткарылышы боюнча сынак жыйынтыкталды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КРнын Энергетика министри Доскул Бекмурзаев, Улуттук Энергехолдинг Башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев жана энергетиктер катышты. 


Северэлектро ишканасы командалык билим сынакта баш байгени багындырды. Андан тышкары Панфилов районунун инспектору Ильпеков Чынгыз "Мыкты инспектор" наамына ээ болду. Чыгыш РЭТинин улуу устаты Бердигулов Аскат президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн "Ардак грамотасын" алды.


Семинар, Жашыл мурас улуттук өнөктүгүнүн алкагында бардык жетекчилер, Баткен филиалына көчөт отургузуу менен жыйынтыкталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн