Бугу 14, 2024
Убакыт: 01:29
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Баткенде кыргыз-тажик аскерлери атыша кетти

10.03.2022 12:37
1909
Баткенде кыргыз-тажик аскерлери атыша кетти

Бүгүн, 10-мартта кыргыз-тажик чек арасында тажик аскерлери менен кыргыз аскерлери атыша кетти. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.


Окуя Баткен районундагы Тескей айылы жактагы мамлекеттик чек аранын такталбаган бөлүгүндө болгон.


Тажик аскерлери көзөмөл жүргүзгөн аймактан такталбаган Тескей аймагына чыгып, кыргыз аскерлерин ал жерди таштап кетүүнү талап кылган. Кыргыз аскерлери алардын талабына макул болбой ортодо чыр чыккан.


Чатак күчөп тажик аскерлеринин артынан кошумча күч тартылган. Кыргыз аскерлери аларды талаштуу аймакка ээлик кылбоо аракетин көрүп жаткан учурда атышуу болуп кеткен.

Кызматтан билдиргендей кыргыз аскерлери арасында жаракат алгандар жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн