Теке 04, 2024
Убакыт: 03:39
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Баткенде кыргыз жана тажик аскерлер атышууда

29.04.2021 16:57
472
Баткенде кыргыз жана тажик аскерлер атышууда


Баткендин Көк-Таш айылында жайгашкан “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлери атышууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди.

“Биз мобилизация менен алектенип жатабыз. Тез жардам кызматын жөнөтүп, ооруканаларды даярдоодобуз”, - деди ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган.
Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Окуядан жалпы 8 жаран жараат алган. Ошондой эле Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр чатак орун алган аймактагы жарандар коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн