Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагынын тургундары облустук администрациянын алдына митингге чыгышты. Бул тууралуу Милан Садыкжан уулу Фейсбук баракчасы аркылуу митингди чагылдырган.
Ак-Сайлык тургундардын айтымында,Кыргызстандын жайытын тажик аскерлери ээлеп, кыргыздардын малын жаюусуна тоскоол болуп жатат.
Алар Өкмөттүн Баткендеги өкүлүнөн бул иш боюнча түшүндүрмө беришин талап кылышууда.
Ал эми автор "Ак үйдүн жанында Ак Сайлыктар жайыт жерибизде тажиктер жүрөт деп келишкен" ,- деп билдирүү калтырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн