Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 17:15
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Баткенде кызмат кылган күч структураларынын бир айлык кызматы эки айлык деп эсептелет

22.02.2022 13:33
1418
Баткенде кызмат кылган күч структураларынын бир айлык кызматы эки айлык деп эсептелет

Баткен облусу – чек ара маселесинин чордону эмес, патриоттуулукка, кайраттуулукка, эр жүрөктүүлүккө тарбиялоочу жана шыктандыруучу жер. Баткен – саясий, аскердик, экономикалык суверенитетти сезиндирүүчү жер. Ушул жер – Кыргыз  Республикасынын көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн коргой турган жер. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин көчмө жыйынында билдирди.


«Мен Баткен облусуна атайын эрте келдим. Биз бир катар өнөр жай ишканаларынын иши менен таанышып, күндүн экинчи жарымында эки аскер бөлүгүн кыдырып, аскердик формаларды жана техникаларды көрүп чыктык. Чындыгында, 2021-жыл кыргыз армиясы үчүн катуу соккулардын жылы болду. Ошол эле учурда кескин өзгөрүүлөр да орун алды.  2021-жылдын май айынан баштап чек арачылардын жана аскер кызматкерлердин айлык маянасы дээрлик 50-70%га чейин жогорулатылды. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Жаза аткаруу кызматынын Коопсуздук жана коштоо департаментинин кызматкерлеринин айлык маяналары 50-70% чейин көтөрүлдү. Жыйынтыгында бардык күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын айлыгын теңдештирүүгө жетиштик. Бюджеттик каражаттардын эсебинен заманбап аскер техникасы жана аскердик форма сатылып алынды. Ошондой эле Баткендеги бир айлык кызматты эки ай катары эсептелсин деген чечим кабыл алынды», - деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин башчысы. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн