Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 22:53
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Баткенде контрабандалык жол ташылган селитра аныкталды

22.03.2023 17:28
304
Баткенде контрабандалык жол ташылган селитра аныкталды

Баткенде 3,5 тоннага жакын селитраны аткезчилик менен ташыгандар аныкталды.


УКМКнын маалыматына караганда, 18-мартта Баткен-Раззаков унаа жолунда (Баткен районунун Ак-Татыр айылы) Лейлек районунун 1984-жылы туулган Н.Б.Н. аттуу тургунунун башкаруусундагы «Мерседес Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.

Аны текшерүү учурунда унаадан жалпы салмагы 3,5 тоннага жакын аммиак селитрасы табылган. Айдоочунун жанында тиешелүү коштоочу документтери болгон эмес. Унаа жана кармалган жүк «Орто Боз» чек ара заставасынын аймагына жайгаштырылды.

Учурда тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн