Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 23:36
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Баткенде кошуна өлкөдөн 13 тонна картошканы аткезчилик менен ташуу аракетине бөгөт коюлду

18.05.2023 14:49
559
Баткенде кошуна өлкөдөн 13 тонна картошканы аткезчилик менен ташуу аракетине бөгөт коюлду

Баткенде аткезчилик жол менен 13 тонна картошканы ташып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, бажычылар тарабынан А.у.Н. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы VOLVO FH12 үлгүсүндөгү унаанын жүк бөлүгү текшерилип, себүү үчүн үрөндүк картошка аныкталган.


Жүк коңшу мамлекеттен Кыргызстандын аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган жүк коштоочу документтери жок алынып келген.


Товардын жалпы салмагы 13 тонна 200 кг, баасы 330 миң сомду түзгөн. Факт КБР МКЖ АДСда катталган.


Учурда жалпы суммасы 78 миң 905 сомду түзгөн айыптык санкциялар жана бажы төлөмдөрү төлөнгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн