Баткен облусунда мектептерди ачууга даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткен облусунда 1-6-класстын 71803 окуучусу мектепке келээри күтүлүүдө.
"Учурда мектептерде окуучулардын бир убакта массалык топтолушун алдын алуу максатында атайын график иштеп чыгуу, COVID-19 илдети менен ооруган жарандардын балдарынын саламаттыгын текшерүү маселеси каралып, ата энелерге түшүндүрүү иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн