Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Баткенде мэрдин кызматтык унаасы окуучу баланы сүзүп кетти

08.04.2022 15:07
512
Баткенде мэрдин кызматтык унаасы окуучу баланы сүзүп кетти

Баткен шаарынын мэринин 47 жаштагы айдоочусу кызматтык унаа менен 13 жаштагы окуучу баланы сүзүп кеткен. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, жабыркаган бала облустук оорукананын реанимация бөлүмүндө, абалы оор.


«Айрым маалыматтарга караганда, шаар башчысынын айдоочусу анын тууганы болот. Учурда «Тойота Камри» автоунаасы айып короосунда. Иштин материалдары тергөө кызматына өткөрүлүп берилет», - деп билдиришти ведомстводон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн