Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 07:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.930

Баткенде милиция шайлоодо мыйзам бузууну аныктады

11.04.2021 17:36
701
Баткенде милиция шайлоодо мыйзам бузууну аныктады

2021-жылдын 11-апрель күнү саат 13төр чамасында Клооп сайты өзүнүн фейсбук баракчасына референдум жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкасынан 1 эле шайлоочу бир канча бюллетендерди электрондук кутучасына салып жаткан видеосун жарыялаган. Бул тууралуу  Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Бул факты Баткен РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө бул видео Баткен районунун Бужум айылындагы №8077 шайлоо участкасында тартылгандыгы, электрондук кутуча шайлоо бюллетенин кабыл албай койгондо, экинчи шайлоочу кабыл алынбаган бюллетенди өзүнүн бюллетенине кошуп электрондук кутучага салып жаткандыгы белгилүү болду.


Азыркы күндө текшерүү иштери жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн