Бугу 06, 2024
Убакыт: 00:26
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Баткенде милициянын 50 кызматкери ИИМ тарабынан сыйланды

24.09.2020 16:27
1280
Баткенде милициянын 50 кызматкери ИИМ тарабынан сыйланды


Бүгүн, 24-сентябрда Баткен шаарында облус аймагындагы жер-жерлерде кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге  ИИМдин медалдары жана кезектеги наамдары тапшырылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, бул иш-чарага ОИИБдин өздүк курамы жана ИИМдин атайын багыттагы полкунун Баткен облусундагы ротасынын күжүрмөн кызматкерлери, ошондой эле облус аймагындагы район шаардык ички иштер бөлүмүнүн сыйлана турган кызматкерлери катышты.


Баткен ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов алгачкы 9 наам жана кезектеги 15 наам алган кызматкерлерге наамдарын, ал эми ички иштер органдарында көп жылдан бери үзүрлүү жана кынтыксыз, ошондой эле ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөгөн 50 кызматкерге ИИМ тарабынан “Азамат”, “Кыргыз милициясына 95 жыл” медалдарын салтанаттуу тапшырды.


Ар бир татыктуу иштеген кызматкерлерге сыйлыктар өз учурунда тапшырылат. Ал эми биздин милдет – жарандардын коопсуздугун сактоо”, -  деп кызматкерлерди алган сыйлыктары менен куттуктап кетти.


Ошондой эле Баткен ОИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын бөлүмчө командири милициянын старшинасы Дыйканбаев Өмүр премьер-министр Кубатбек Бороновдун Алкыш баракчасы менен сыйланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн