Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 15:40
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Баткенде милициянын эл менен жолугушуусунда 7 мыйзам бузуу аныкталды

17.05.2022 09:51
1257
Баткенде милициянын эл менен жолугушуусунда 7 мыйзам бузуу аныкталды

Милициянын көчмө кабылдамасы Баткен шаар аймагындагы жашаган элдер менен жолугууда.Бул туурасында Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматынан билдиришти.


Жолугушуу түзүлгөн графиктин негизинде жүргүзүлүп, ар бир көчөлөрдө, участоктордо, калктуу конуштарда коопсуздуктун алдын алуу жана кылмыштуулукка жол бербөө максатында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлүүдө.


Шаар аймагындагы тургундардын мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды мыйзамдаштырып алуу, үй-мүлктөрүнө сак болуусу, коомдук жайларда укук бузууларга жол бербөө багытында элдерге эскертүүлөрдү берүүдө.


2022-жылдын 16-май күнү шаар аймагында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 7 протокол, тактап айтканда 188-беренеси (Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) - 2, 102-беренеси (Ата-энелик милдеттерден качуу) - 4, 57-беренеси (Ден соолукка атайын жеңил зыян келтирүү)- 1 толтурулуп, айып пулдар салынды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн