Бугу 02, 2024
Убакыт: 20:10
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Баткенде мыйзамсыз иштеген медресе аныкталды

09.03.2023 17:22
355
Баткенде мыйзамсыз иштеген медресе аныкталды

Мыйзамсыз окутуу иштерин жүргүзгөн медресе аныкталды.


Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдиргендей,  Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын алынган ыкчам маалыматында Баткен облусунун аймагында мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн медресе бар экендиги маалым болгон. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү, Баткен ОИИБдин жана Кызыл-Кыя ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери биргеликте Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылына барып, мыйзамсыз диний ишмердүүлүгүн жүргүзгөн окутуу жайды текшерүүгө алган.  


Текшерүүнүн натыйжасында, эч кандай уруксат кагазы жок, Кызыл-Кыя шаарынын жана Ош облусунун тургундарынын 40ка жакын жаш балдары ошол мекемеде жатып, мыйзамсыз диний сабактарды окуп жаткандыгы аныкталган. 

Бул факт Кызыл-Кыя ШИИБне мыйзамсыз диний ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү үчүн, дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамы боюнча катталып, тергөөгө амалдары жүргүзүлүүдө.

  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн