Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:14
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Баткенде окуучулардын телефондорун коркутуп тартып алган өспүрүм кармалды

17.02.2022 08:58
300
Баткенде окуучулардын телефондорун коркутуп тартып алган өспүрүм кармалды

Кызыл-Кыяда чөнтөк телефондорду тоноп жүргөн өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарындагы билим берүүчү мекемелерде билим алып жүргөн жаш өспүрүмдөрдүн колдонуп жүргөн чөнтөк телефондорун белгисиз жаран коркутуу жолу менен тартып алып жүргөндүгү боюнча 3 ата-энеден арыз келип түшкөн.


Кызыл-Кыя ШИИБнин кызматкерлери "Ууру" ыкчам иш-чарасынын негизинде Кызыл-Кыя шаарынын Орто-Кыштак участкасынын 16 жаштагы Э.И. аттуу тургунун аныктап кармашкан.


Азыркы күндө кармалган жаш өспүрүм тергөөгө алынып келип, тартып алган телефондор өз ээлерине кайтарылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн