Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 15:23
USD
89.40
89.87
EUR
96.60
97.60
RUB
0.962
0.990

Баткенде оор жүк ташуучу унаалардын аккумуляторлорун уурдап жүргөн жаран кармалды

17.05.2022 17:22
1118
Баткенде оор жүк ташуучу унаалардын аккумуляторлорун уурдап жүргөн жаран кармалды



Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында үйүнүн алдына токтотуп койгон оор жүк ташуучу КАМАЗ, Фура үлгүсүндөгү автоунааларынын 2даанадан аккумляторун белисиз адамдар тарабынан түн ичинде уурдалып кеткендигин билдирип, 4 арыз келип түшөт. Арзыдануучуларга жалпысынан 100миңге жакын материалдык зыян келтирилген. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Бул арыздар Кадамжай РИИБдин КБРне 2022-жылдын 13, 14-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, ыкчам иликтөө иштери жүрө баштайт.


Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 16-май күнү Уч-Коргон айыл аймагында изин жашырып жүргөн Уч-Коргон айылынын мурда соттолгон 37жаштагы С.Р. аттуу тургуну менен Жалалабад облусунун Аксы районунун 27жаштагы А.А. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. ал эми алардын айдап жүргөн унаачы атайын токтотулуучу жайга киргизилди.


Ал эми уурдалган аккумляторлор өз ээсине кайтарылды. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн