Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 11:34
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Баткенде өрүктү кайра иштетүүчү ири логистикалык борбордун курулушу башталды

12.08.2020 16:21
1480
Баткенде өрүктү кайра иштетүүчү ири логистикалык борбордун курулушу башталды


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта, Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында өрүктү кайра иштетүү жана сорттоо боюнча логистикалык борбордун жана текстиль фабрикасынын курулушунун долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, аталган долбоорлорду Баткен шаарынын өнөржай аймагында ишке ашыруу каралууда, бул максаттарга 4 гектар жер бөлүнгөн.


Ишкер Нурбек Осмонов маалымдагандай, жергиликтүү өрүктү кайра иштетүү боюнча долбоорго 8 млн АКШ долларына жакын инвестиция салынган. Анын ишке кириши менен 200 жумушчу орду түзүлөт, ал эми жергиликтүү фермерлер өздөрүнүн продукциясы — даңазалуу Баткен өрүгүн сатууну жөнгө сала алышат. Жыл сайын 8 тонна өрүктү кайра иштетүү үчүн мүмкүнчүлүк пайда болот.


Ошондой эле анын маалыматы боюнча, текстиль фабрикасын куруу боюнча долбоордун жалпы суммасы дээрлик 6 млн АКШ долларына бааланууда. 2021-жылдан тартып фабрика Баткен шаарынын калкы үчүн кошумча 1000 жумушчу ордун түзүүнү жана жыл сайын 400 млн сомго жакын продукция чыгарууну пландаштырууда.


Жогорудагы долбоорлор боюнча курулуш иштерин толук бүткөрүү 2020-жылдын декабрына мерчемделүүдө.


«Эгерде жергиликтүү бийлик бардык шарттарды түзүп, жер бөлүп берсе, анда инвесторлор  ал жерлерге өздөрү эле келишет. Мындай ишкерлерди биз өлкөнүн „алтын фонду“ катары баалашыбыз керек», — деди президент.


Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү саясаты үчүнчү жыл катары менен мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп келе жаткандыгын жана анын негизги багыттарынын бири жергиликтүү ишкердикти колдоо экендигин дагы бир жолу эске салды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн