Тогуздун айы 05, 2024
Убакыт: 14:19
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Баткенде өрүктүн данегинен май чыгаруучу цех ачылат

22.12.2021 11:38
596
Баткенде өрүктүн данегинен май чыгаруучу цех ачылат


Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Бириккен улуттар уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту.  Бул тууралуу жергиликтүү маалымат борбору кабарлады.


Жолугушууда Бириккен улуттар уюмунун дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте 4 тараптуу келишимге кол коюлду. 


Тараптар Бириккен улуттар уюмунун дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Баткен райондук мамлекеттик администрациясы, Кара-Бак айыл өкмөтү, "Алыш-Дан Органик" айыл чарба кооперативи. 


Төрт тараптуу келишимдин алкагында өрүктүн данегинен май чыгаруучу цех Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагына ачылат. Долбоорду Япон өлкөсү каржылап, бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы цехке керектүү болгон шаймандар менен камсыздайт. 


Ошондой эле турмуш шарты оор болгон 300гл жакын жаранды өрүктү кургатуу, кайра иштетүү жана башка ушул сыяктуу окуудан өткөрүшүп, алардын ар бирин бүткүл дүйнөлүк азык түлүк программасы акчалай камсыздап турат. 


Учурда келишимдин негизинде алгачкы жумуштар башталып жатат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Толубаева Каныгул
Сонун идея,ишиниздерге ийгилик!