Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 05:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Баткенде шайлоо боюнча 4 мыйзам бузуу боюнча билдирүү түштү

28.11.2021 18:18
456
Баткенде шайлоо боюнча 4 мыйзам бузуу боюнча билдирүү түштү


Бүгүн, 28-ноябрь Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаттарын шайлоо күнүндө Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен биргеликте Баткен шаары менен Баткен районундагы бир катар шайлоо участкаларын текшерип чыкты. Бул тууралуу  Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Шайлоо тилкелерине бөлүнгөн ИИОнун кызматкерлеринин мыйзамдуулукту сактап, коомдук тартипти көзөмөлдөп, турган иш-аракеттерин, ал жердеги санитардык эрежелердин нормаларынын сакталышын көзөмөлдөп чыкты.


Баткен облусундагы ИИОнун кызматкерлери 25-ноябрдан тарта күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Шайлоо мыйзамдарынын бузуу фактылары боюнча түшкөн кайрылууларга жана даттанууларга өз учурунда жана ыкчам аракет көрүү максатында, областтык жана территориалдык милициясында тергөө-ыкчам топтору түзүлүп, кечиктирилгис чараларды көрүшөт.  


Облустун ар бир шайлоо тилкелеринде коосуздукту сактоо максатында жооптуу жетекчилер бекитилген.


Саат 17:30га карата Баткен облус аймагында шайлоого карата 4 мыйзам бузуу маалымат катталып, кылдат иликтенип анын экөөсү кылмыштын жана жоруктун белгиси аныкталбагандыктан наменклатуралык делого чыгышталды. Ал эми 2 маалымат боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн