Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баткенде сот аткезчилик менен кармалган жарандын КамАЗ үлгүсүндөгү унаасын конфискациялаган

02.11.2022 16:12
432
Баткенде сот аткезчилик менен кармалган жарандын КамАЗ үлгүсүндөгү унаасын конфискациялаган


Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР аймагындагы контрабандага каршы аракеттенүү, аныктоо жана ага бөгөт коюунун алкагында, 2022-жылдын 22-июнунда УКМК чек ара кызматкерлери жана КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын “Баткен” бажысынын кызматкерлери менен биргеликте КР Т.Ж.С. аттуу жарандын башкаруусундагы “Камаз” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны, кошуна мамлекеттин аймагынан дарбыз, күрүч жана элге керектелүүчү азыктарды жүктөп келе жаткан жеринен кармаган.


УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мыйзамсыз аткезчилик боюнча козголгон административдик иштин алкагында, 2022-жылдын 21-октябрында Лейлек райондук сотунда автоунаанын айдоочусу Т.Ж.С. күнөөсүн мойнуна алган.


Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун токтому менен, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык “Камаз” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа мамлекеттин пайдасына конфискацияланууга жатат. Т.Ж.С. карата 60 миң сом өлчөмүндө айып жана товар үчүн бажы төлөмдөрүн төлөө салынды.


Ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук ченемдик актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде Лейлек райондук сотунун токтому менен “Камаз” үлгүсүндөгү унаа мамлекеттин пайдасына конфискацияланган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн