Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 19:47
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Баткенде социалдык тармактар аркылуу экстремисттик маанайдагы материалдарды тараткан жаран кармалды

29.05.2023 10:09
545
Баткенде социалдык тармактар аркылуу экстремисттик маанайдагы материалдарды тараткан жаран кармалды

Баткенде социалдык тармак аркылуу диний экстремисттик материалдарды тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн «Экстремист» операциясынын жүрүшүндө жаран Кыргыз Республикасында тыюу салынган диний экстремисттик аудио материалдарды социалдык тармак аркылуу таратып жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн. Аталган факты Баткен ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.


Бул факты боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Баткен облусунун 28 жаштагы О.М. аттуу жаран социалдык тармагындагы баракчасына кароо жүргүзүлүп, баракчасындагы аудио материалдар көчүрүлүп алынып, экспертизага жөнөтүлгөн.

 

Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Хизб ут- Тахрир” Аль-Исламий диний экстремисттик уюмуна таандык экендиги аныкталган.

Жогорудагылардын негизинде кармалган жаранга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жаран бонча

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн