Бугу 17, 2024
Убакыт: 03:13
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Баткенде сууга агып бара жаткан баланы куткарып калган жол сакчысы сыйланды

10.10.2022 12:25
275
Баткенде сууга агып бара жаткан баланы куткарып калган жол сакчысы сыйланды


 Баткенде сууга агып бара жаткан баланы куткарып калган жол сакчысы сыйланды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 8-октябрь күнү саат 10:30 чамасында Баткен ШИИБи боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын майору Аскар Токоев жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөп жүрүп, Баткен шаарынын ичиндеги каналда агып бараткан жаш баланы көрүп калган. Ошол замат сууга түшүп, агып бара жаткан баланын суудан алып чыгып, өмүрүн сактап калган. Бүгүн милициянын майору Аскар Токоевди президенттин Баткен облусундагы өкүлү чакырып, ыраазычылыгын билдирип, “Баткен облусуна 20 жыл” медалын тапшырды.


Белгилей кетсек, социалдык тармактарда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери сууга агып бара жаткан баланы куткарып калган видео тарап, куткаруучуга карата бир катар алкыш сөздөр айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн