Баткенде техникалык коопсуздукту сактабаган объект боюнча айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен регионалдык башкармалыгы тарабынан көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Иш-чаранын алкагында Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндө жайгашкан “Элит Грант” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан объект текшерилди. Текшерүү учурунда объектинин коопсуздук техникасы боюнча талаптар сакталбагандыгы аныкталды.
Натыйжада "Элит Грант" ЖЧКсына карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн