Чын курандын 14, 2025
Убакыт: 02:53
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Баткенде түндө көчөдө жүргөн өспүрүмдөрдүн ата-энесине айып салынды

27.10.2022 13:14
1069
Баткенде түндө көчөдө жүргөн өспүрүмдөрдүн ата-энесине айып салынды

Лейлекте “Антирэкет” иш-чаранын жыйынтыгында 2 ата-энеге айып пулдар салынды.Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка караганда,  Лейлек районунун аймагында 2022-жылдын 24-26-октябрь күндөрү “Антирэкет” иш-чарасы уюштурулуп, анын жүрүшүндө жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу каралды. Балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери мектептерде жыйналыштарды өткөрүп, ата-энелерге үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу, жаш өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумун көзөмөлдөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ал эми мектеп окуучуларынын арасында зордук-зомбулук, мектеп рэкетин болтурбоо, тыюу салынган нерселерден алыс болууга эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.


 Бул иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексинин 74-беренесинин негизинде түнү өз алдынча максатсыз көчөдө жүргөн балдар аныкталып, 2 ата-энеге айып пулдар салынды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн