Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 11:08
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Баткенде үч райондун элин бириктирген Ынтымак айылы түзүлдү

08.10.2021 20:17
3438
Баткенде үч райондун элин бириктирген Ынтымак айылы түзүлдү


Баткенде үч райондун эли бириккен Ынтымак айылы түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-октябрда, Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Бүргөндү айылынын Дюкр участкасында Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасынын негизинде Кадамжай районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтү тарабынан быйылкы жай айларында жаратылыш кырсыктарынан үйлөрү жабыркаган 75 жаранга турак жай салуу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилди.

Облус башчысынын көзөмөлүнүн астында үч райондун элин бир участкага жайгаштырып, жаңы Ынтымак айылы түптөлө башталды. Турак жай салуу үчүн жер тилкесин алып жаткан 75 жаран Баткен районунун жана Лейлек районунун тургундары, алар жашаганга кооптуу делген аймактардан келишкен.

ӨКМ кызматы тарабынан көчүрүү чечими чыккан. Жалпысынан Дюкр участкасында башкы планы даяр, бүгүнкү күндө 1500дөн ашык адамга турак жай үчүн жер берилген.

"Ыйгарым укуктуу өкүл А. Алимбаев келечекте Ынтымак айылынан эл керегине жараган, мамлекет үчүн салым кошкон эр азаматтар чыгып, Ынтымак айылын дүйнөгө тааныткан патриот уул-кыздар чыгаарына тилек кылды. Анан да жашоо үчүн керектелүүчү шарттарды түзүү үчүн жапырт аракет көрүлөрүн баса белгиледи. Сел кесепетинен жабыр тартып, бүгүн турак жайга ээ болгон жарандар облус башчысы баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык айтып, батасын беришти", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн