Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:33
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Баткенде уй уурдаган жарандар изи сууй электе кармалды

09.03.2023 17:03
401
Баткенде уй уурдаган жарандар изи сууй электе кармалды

Баткенде кылмыштын изи сууй электе мал уурулуктун бети ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.



Маалым болгондой, Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 54 жаштагы тургуну өзүнүн жашаган үйүндөгү короосунан 2023-жылдын 2-мартынан 3-мартына караган түнү белгисиз адамдар тарабынан базар баасы 70 миң сомдук бир баш бодо малы уурдалганын билдирип, арыз менен милицияга кайрылган.


Бул факт Баткен ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.


Баткен ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын натыйжасында  кылмыштын изи сууй электе Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынан Баткен шаарынын кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Ф.С., 24 жаштагы Т.М. жана 22 жаштагы Т.Д. аттуу тургундары кармалып, уурдалган бодо мал өз ээсине кайтарылып берилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн