Чын курандын 15, 2025
Убакыт: 14:21
USD
87.40
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.035
1.085

Баткенде жаңы ФАП ачылды

23.07.2020 19:24
1184
Баткенде жаңы ФАП ачылды


Баткен облусунун Кара-Булак айыл аймагында 4 миңге жакын жаранды тейлей турган жаңы ФАП пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, облус жетекчиси Алишер Абдрахманов бүгүнкү кырдаалда саламаттык сактоо мекемесинин ишке берилиши, кооптуу илдет менен күрөшүүдө зор өбөлгө болоорун айтып, өзгөчө пандемиянын шартында дарыгерлердин жетиштүү шартта иштөөсү жана элге медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн белгиледи.


Замандын талабына жараша бардык шарты бар имарат курулуп, айылдыктардын негизги муктаждыгы чечилди. Аталган айылдын атуулу демөөрчүлүк кылып, ФАП кычкылтек концентратору менен да камсыз болду. Район борборунан 14 чакырым алыста жайгашкан бул мекеме 4 миңге жакын калкты тейлейт”, - деп айтылат маалыматта.


ФАПтын курулушуна жергиликтүү бюджетттен да 350 миң сом каражат жумшалган. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн