Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:52
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Баткенде жергиликтүү тургундар митингге чыкты

27.09.2022 12:47
687
Баткенде жергиликтүү тургундар митингге чыкты
  • Бүгүн, 27-сентябрда Баткен облусунун администрациясынын имаратынын алдында Ак-Сай жана Самаркандек айылдарынын тургундары  митинги өткөрүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.


Маалым болгондой, митингге чыккандар  Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир чек ара заставасын жана үч постту алып салуу боюнча протоколго нааразылыгын билдирүүдө.


Жергиликтүү тургундар аларга коркунуч жаралбайт деген кепилдик жок экенин айтып,  УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолугушууну талап кылышууда.


Мындан тышкары, тургундар Ворух анклавына кирген коңшу өлкөнүн жарандарын кыргыз тарап көзөмөлгө алышы керек деп эсептешет.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн