Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 08:14
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Баткенде жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде 1 кылмыштын бети ачылды

14.11.2022 11:11
590
Баткенде жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде 1 кылмыштын бети ачылды



      Баткен шаарынын базарынын айланасын иретке келтирүү максатында Баткен ШИИБдин милиция кызматкерлери 2022-жылдын 12-ноябрь күнү чыгып, коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча иш-чараларды жүргүздү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


     Аптанын ишемби күндөрү “Айдарали”, дыйкан базарларынын айланасы жол тардыгынан автоунаалар жол тыгындарын пайда кылып, коомдук коопсуздук бир топ көйгөйлөрдү жаратып келет. Шаар аймагында атайын акы төлөнүп унаа токтотуучу жайлар жоктугунан М.Нургазыев, М.Салихов, Т.Садыков көчөлөрүндө жол тыгындары жаралып, жарандарга бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келет.


    Баткен ШИИБдин жетекчилиги бул ыңгайсыздыкты жоюу максатында шаардын милиция кызматкерлери менен түшүндүрүү, эскертүү иштерин жүргүзүүдө.


Бир күндүк иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 19 протокол толтурулуп, 1 уурулук кылмыштын бети ачылды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн