Баткен облусунда «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» инвестициялык форуму өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин отурумунда белгилүү болду.
Инвестициялар министринин м.а. белгилегендей, иш-чарага бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр чакырылган жана бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлушу күтүлүүдө.
Бул Баткен облусунда жогорку деңгээлде өткөрүлүп жаткан алгачкы иш-чара болуп саналат. Форумду жогорку деңгээлде өткөрүү керек. Негизги максат - аймакка инвестиция тартуу жана Баткен облусунун ишкердик потенциалын кеңейтүү.
Аталган форум Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын алкагында өтүүдө, ал жергиликтүү тургундардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан. Баткен облусун өнүктүрүү программасы аймак тургундарынын социалдык-экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатат.
Райондорду жабдуу жана мектептерди куруу жетишсиз, аймактын тургундары каражат таап, өз үй-бүлөсүн багуусу үчүн мыкты шарттарды түзүү керек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн