Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:54
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Баткендик ишкер тамчылатып сугаруу менен 66 гектар жерди өздөштүрдү

11.04.2023 12:09
632
Баткендик ишкер тамчылатып сугаруу менен 66 гектар жерди өздөштүрдү


 Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы жеке ишкердин жаңыдан өздөштүргөн багына барды. 


Жеке ишкер Билал Идинов, бош жаткан 66 гектар жерди тамчылатып сугаруу ыкмасы менен өздөштүргөн. Ал жерге суу кампасын куруп, алма, өрүк, шабдаалы, павлония, жаңгак, бадам сыяктуу 11 көчөттүн түрүн отургузган. 


Ишкер жерди айыл өкмөтүнөн ижарага алып, жалпы 58 миң көчөт тиккен. Бул демилгени “Ассафа” коомдук фонду колдоого алган. 

Учурда 10 адам жумуш менен камсыз болгон. 


Ишкер бул бактан жылына 50млн сомго чейин киреше алса болоорун айтат. 

Ал өткөн жылы 2 тонна алгачкы түшүмүн алган. 


Облус башчысы “Баткен облусу агрардык аймак болгондуктан, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр кенен. Жеке ишкерлердин минтип сууну максаттуу пайдалануу ыкмасын жайылтып жатканы, бул тармактын өнүгүүсүнө зор өбөлгө болот” деп белгилейт.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн